Кочкордо ишкер айымды коркуткан Камчы Көлбаев уюштурган УКТ мүчөлөрү кармалды

Нарын облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын
УКМКдан билдиришти.

d9e85821 96fe 4b49 b1bb 33c1e878cf60 Кочкордо ишкер айымды коркуткан Камчы Көлбаев уюштурган УКТ мүчөлөрү кармалды


7-ноябрда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Ш.Н.О., А.Ы.А., Б.Ө.Н. жана О.Ч.О. Кочкор
районундагы кафеге барып, анын ээсин коркутушкан. Башкача айтканда, аларга ай
сайын 1 миң доллар берип турууну талап кылып, болбосо, кафени өрттөп салышарын
айтышкан. Кафенин ээси (аял киши) милиция кызматкерлерин чакырган.
Кафеге Кочкор РИИБдин нөөмөт кызматынан барышкан, бирок уюшкан кылмыштуу
топтун мүчөлөрү аларды көзгө илбей, кафенин ээсин коркута беришкен. Шектүүлөр
ишкер айымга зордуктап коюшарын да айтышкан.

6db9c362 9d80 41d3 be4d 265f9d9e91a4 Кочкордо ишкер айымды коркуткан Камчы Көлбаев уюштурган УКТ мүчөлөрү кармалды


Милиция кызматкерлери жардам берүүнүн ордуна кетип калышкан. Ал эми рэкеттер 2
саат бою ишкер айымды мазакташкан. Алар уюшкан кылмыштуу топтун лидери, күч
жана бийлик өкүлдөрү менен байланышта экенин белгилешкен.

6db9c362 9d80 41d3 be4d 265f9d9e91a4 Кочкордо ишкер айымды коркуткан Камчы Көлбаев уюштурган УКТ мүчөлөрү кармалды
88ea2aff c366 49de bbdd 5eec3685691c Кочкордо ишкер айымды коркуткан Камчы Көлбаев уюштурган УКТ мүчөлөрү кармалды


Ишкер айым кайрадан милиция кызматкерлерин чакырууга мажбур болгон. Ал учурда
башка милиционерлер: капитан А.А.М., М.у.А., тергөөчү К.А.А. жана сержанттар курамы
барышкан. Алар «рэкеттерди» тынчтандырууга аракет кылышкан, бирок бейбаштар
талапка баш ийген эмес. Андан тышкары, рэкеттер милициянын айылдык бөлүмүнүн
жетекчиси — капитан А.А.М.ны көчөгө алып чыгып, кесиптештеринин көзүнчө сабап,
андан соң качып кетишкен.
Бул факт Уюшкан кылмыштуу топтуу түзүү же ага кошулуу беренеси менен катталган

Тергөөнүн жүрүшүндө Кочкор РИИБдин жетекчилиги рэкеттерди калкалап келишкени
аныкталды. Ошондой эле, бул окуяны жашырууга аракет болгон. Тактап айтканда,
нөөмөт кызматына окуяны каттабоого буйрук берилген.

«РИИБдин жетекчилиги кызмат абалын пайдаланып, кафенин ээсин тиешелүү
органдарга арыз менен кайрылбоого көндүрүүгө аракеттенишкен», – дейт УКМК.
Учурда рэкеттердин башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу иликтенип жатат. Ал эми
Кочкор РИИБдин жетекчилеринин кызмат абалын пайдалануу, шалаакылык, кылмышты
жашыруу аракеттерине юридикалык баа берилет

ca28b786 d122 4f2f 9934 b629cc5bdced Кочкордо ишкер айымды коркуткан Камчы Көлбаев уюштурган УКТ мүчөлөрү кармалды
2c9f51bb f0b1 49e8 bd9e cbe13a6324a7 Кочкордо ишкер айымды коркуткан Камчы Көлбаев уюштурган УКТ мүчөлөрү кармалды
df4a97d5 c0db 42f7 99c2 bad57eb8defd Кочкордо ишкер айымды коркуткан Камчы Көлбаев уюштурган УКТ мүчөлөрү кармалды