Бишкекте мэрдин балатысы өттү, – сүрөт

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын мэринин жаңы жылдык балатысы өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жаш бишкектиктерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады.

Балдардын жаңы жылдык «Жаңы Жылдын Жылдызы» спектаклине социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн, жетим, жарым жетим, көп балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, окуунун отличниктери жана ар кандай сынактардын, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгон 1 108  бала күбө болушту. Спектаклди «Таберик» балдар театрынын 250 жаш артисттери аткарышты.

Иш-чаранын аягында бардык балдарга таттуу белектер тапшырылды.

BEK 2257 Бишкекте мэрдин балатысы өттү, - сүрөт
BEK 2479 Бишкекте мэрдин балатысы өттү, - сүрөт
BEK 2264 Бишкекте мэрдин балатысы өттү, - сүрөт
BEK 2618 Бишкекте мэрдин балатысы өттү, - сүрөт
BEK 2573 Бишкекте мэрдин балатысы өттү, - сүрөт
BEK 2491 Бишкекте мэрдин балатысы өттү, - сүрөт
BEK 2718 Бишкекте мэрдин балатысы өттү, - сүрөт