Таласта үйүндө баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды

Таласта өзүнүн үйүндө 4 кг баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас шаарынын тургуну “Р” аттуу адам баңгизат сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшүп, анын үйүнө тинтүү жүргүзүшкөн. Тинтүү учурунда 1976-жылы туулган Т.Р. аттуу жарандын үйүнүн кампасынан 4 кг 145 грамм кургатылган каннабис табылган.

Аталган факты Талас облустук милициясынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кармалган Т.Р. облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.