
“Керемет Банктын” төрагасынын орун басары Максат Дадыбаев камакка алынды. Маалыматты шаардык соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын 2022-жылдын 16-декабрындагы чечими менен Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын тергөө тобунун жетекчисинин арызы канааттандырылган.
«Ал эми айыпталуучу Д.М.Кга карата баш коргоо чарасы 2 айга, башкача айтканда 2023-жылдын 14-февралына чейин Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.
Башкы прокуратура ушул айдын башында “Керемет Банктын” айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Ишти козгоого Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери негиз болгон.