УКМК: Кадамжайда жер тилкелер мыйзамсыз берилген

КР УКМК Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунун Айрыбаз айылында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Айрыбаз айылында 2017-жылдын 18-апрелиндеги №15 токтому менен 581 жаранга үй куруу үчүн 95 гектар жер мыйзамсыз трансформацияланган. Ошол эле учурда, бөлүштүрүлгөн жерлер айрым муниципалдык мекемелердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине берилген.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжай районунун Айрыбаз айылында жер тилкелеринин 197 мамлекеттик актылары алынды, алардын ичинде Айрыбаз айылында кирбеген башка административдик-аймактын жашоочулары да бар экени аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.