Караколдо саунада сойкукана уюштурган аял кармалды 

Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу жана кармоо боюнча шектүүнү кармашты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын июль айында кылмыш иликтөө ыкчам кызматкерлерине Каракол шаарынын аймагында белгисиз аял сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруп, кыздардын ыплас аракеттерине көмөктөшүп жаткандыгы туралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат Каракол ШИИБге катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 160 (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жай уюштурган аялдын өздүгүн аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.

Жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам маалыматта фигуранттын ким экендиги аныкталган. Ал облустук борбордун 55 жаштагы тургуну Б.Н. экендиги белгилүү болгон.