“Балык мал же төө буурчак эмес”: Таштанбеков менен Жумабеков балыкты катуу талкуулашты

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Дастанбек Жумабеков менен Акбөкөн Таштанбеков балыктарды кантип классификациялоону чечүүгө аракет кылышты.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечи Дастанбек Жумабековдун маалыматына караганда, мыйзам долбоору айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативи, айыл чарба максаттары үчүн соода-логистикалык борбор катары иш алып барган салык төлөөчүлөрдү мамлекеттик колдоого багытталган.

Жыйында депутат Таштанбеков кесиптеши Жумабековго кайрылып, “балык кайсыл жагына карайт? Бул мал же төө буурчак эмес” деген суроо узатты.

Буга Жумабеков “Сиз кандай деп ойлойсуз” деп анын оюна кызыкты.

“Сизди акылдуурак деп, сизден сурап жатам”, — деди Акбөкөн Таштанбеков.

Өз кезегинде Жумабеков: “Балык айыл чарба продукциясына кирет. Этке кирбейт дедиңиз, демек, айыл чарба азыктарына кирет”, деди.

Ал эми  Таштанбековдун: “биз балыктарды төө буурчактай өстүрөбүзбү?” деген суроосуна кесиптеши Жумабеков “төө буурчактай өстүрбөсөк да, сууда өстүрөбүз”, деп жооп берди.