Бишкекте эки жаран бычактан жараат алды. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте кафелердин биринде эки адамга бычак саюуга шектелип эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-декабрда милицияга С.Т. жана Р.Т. аттуу жарандар кайрылып, 20-декабрга караган түнү болжол менен 02:00до С. Каралаев көчөсүндөгү кафеде кайым айтыш учурунда белгисиз адамдар бычак менен жарадар кылганын билдиришкен. Жабырлануучулар медициналык жардам үчүн ооруканага кайрылышкан.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы С.А. жана М.Н. аттуу жарандар кармалган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Иликтөө иштери уланууда.