
Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы үч кичи автобус сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалым болгондой, кичи автобустарды сатып алууга 7 млн 999 миң 998 сом каралган. Алар жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн алынууда.
Тендер 20-декабрда жарыяланган, арыздар 23-декабрга чейин кабыл алынат.