Ички иштер министринин 3 орун басарына генерал-майор аскердик чини ыйгарылды. Бул тууралуу «АКИpress» агенттигине өз булактары билдирди.
Тактап айтканда:
– Бийбосунов Адылбек Качкынбекович;
– Аширхожаев Эркебек Жумабекович;
– Ниязбеков Сүйүнбек Ниязбекович генерал-майор аталышты.
Бийбосунов министрдин биринчи орун басары, Аширхожаев болсо тергөө иштерин, Ниязбеков санариптештирүү тармагын карайт.