“Бетме-бет” гезитинин кабарчысы “Калкан жана калем” сынагынын лауреаты болду

Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги тарабынан ички иштер
органдарынын ишмердүүлүгүн чагылдырган журналисттерди, милиция
кызматкерлерин жана коомдук ишмерлерди бириктирген “Калкан жана калем”
сынагы көп жылдардан бери өткөрүлүп келет. Аталган сынака 2012 – жылдан
тартып көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) катышкан
мамлекеттердин өкүлдөрү катышууда.

Бул жылы Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин дарегине
жүздөгөн чыгармачыл иштер жөнөтүлгөн. Жарандарга теле жана
радиопрограммаларда, басма сөздө жана интернеттеги посттордо полициянын
иши жөнүндө ким ачык жана кызыктуу айтып бергенин аныктоо үчүн сынактын
жыйынтыктоочу этабынын алкагында кадыр-барктуу калыс тобу түзүлүп, ал
отурумдун жыйынтыгы боюнча мыкты материалдарды аныктады. Бул тууралуу
Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин өкүлү Ирина Волк
билдирди.

“Биз “Калкан жана калем” сынагынын жеңүүчүлөрүн жана лауреаттарын
куттуктайбыз, аларга жаңы чыгармачылык бийиктиктерге, өзгөчө темаларга
жана долбоорлорго жетишүүнү каалайбыз. Сиздердин ишиңиздер ар дайым
илхам жана ийгилик менен коштолсун, ал эми биздин кызматташтык мындан
ары да бекемделе берсин”, – деп белгиледи РФдин ИИМинин расмий өкүлү
Ирина Волк.

Сынактын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары бир нече номинацияда аныкталган.
“Шериктештик” номинациясында Кыргыз Республикасынын ИИМнин “Бетме-бет”
(“Лицом к лицу”) ведомстволук гезитинин кабарчысы Улан Алымбеков лауреат
болду.

ИИМдин басма сөз кызматы