Садыр Жапаров быйыл он бир ирет чет жакка барды

Бул тууралуу «Govori.TV» жазды. Аталган басылма өлкө башчынын бир жыл ичинде кайсы мамлекеттерге иш сапары менен барганына кызыгып, изилдеп чыкты.

Алгачкы сапары 2022-жылдын 3-февралдан 6-февралга чейин Кытайда иш сапары менен болду.
Андан кийин апрель айында президент Садыр Жапаров Азербайжан өлкөсүнүн Баку шаарына расмий иш сапары менен барган.

sadyr 1 Садыр Жапаров быйыл он бир ирет чет жакка барды


Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 16-майда өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын борбору Москвага иш сапары менен барды.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын, 16-сентябрында, Өзбекстандын Самарканд шаарына барып, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы ШКУну түзүү тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча уюштуруучу өлкөлөрдүн өз ара ишениминин жана максаттуу ишинин табигый натыйжасы болду.


2022-жылдын 21-сентябрында президент Садыр Жапаровдун Нью-Йорк шаарына (АКШ) болгон иш сапары аяктаганы айтылды. Президент 193 өлкөнүн мамлекет, өкмөт башчылары жана делегациялары катышкан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебатына катышып, сөз сүйлөдү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө БУУнун бийик трибунасынан өлкөнүн түштүк чек араларында түзүлүп жаткан актуалдуу кырдаалга дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы себепсиз агрессияга байланыштуу акыркы окуяларды эске салды.


Андан кийин өлкө башчы Садыр Жапаров 29-сентябрда, иш сапары менен Түркия Республикасынын Бурса шаарына барды. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Изник шаарында (Түркия Республикасы) өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.


Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 27-октябрында Казакстанга болгон бир күндүк иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Жапаров иш сапарынын алкагында Астана шаарында жогорку деңгээлдеги, анын ичинде Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 30-октябрдан 1-ноябрга чейинки Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапары аяктады. Иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров БАЭ Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы өнүгүп жаткан кызматташуу келечегин, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган тармактардын маселелерин талкуулашты.


Президент Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 10-11-ноябрда Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарын аяктады. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин тогузунчу Саммитинин жыйынына катышып, анын жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды.


2022-жылдын 23-ноябрында өлкө башчысы Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Ереван шаарына (Армения Республикасы) иш сапары менен учуп барды. Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

2022-жылдын 18-декабрында президент Садыр Жапаров Катардын Эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен Катар мамлекетине иш сапары менен барды.