Кызыл-Кыяда милиция эскертүү баракчаларын илишти

Кызыл-Кыя ШИИБдин балдар менен иштөө инспекторлору шаар аймагындагы коопсуздукту сактоо максатында 20-декабрь күнү “Таштемир-Ажы” базарында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өздөрү демилгелеп чыгарган эскертүү баракчаларын илишти.


Базардагы дүкөн ээлерине укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо, коомдук жайлардагы кылмыштуулуктун алдын алууда жаңы жыл астында базарларда пиротехникалык каражаттарды сатууга жергиликтүү бийлик тарабынан убактылуу чектөө койгондугун түшүндүрүп, алдын алуу иштерди жүргүзүүдө.


Бир күндүк иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 25 жаранга протоколдор толтурулуп, айып пул салынды.

WhatsApp Image 2022 12 20 at 14.22.46 Кызыл-Кыяда милиция эскертүү баракчаларын илишти
WhatsApp Image 2022 12 20 at 14.22.44 1 Кызыл-Кыяда милиция эскертүү баракчаларын илишти
WhatsApp Image 2022 12 20 at 14.22.45 1 Кызыл-Кыяда милиция эскертүү баракчаларын илишти
WhatsApp Image 2022 12 20 at 14.22.45 Кызыл-Кыяда милиция эскертүү баракчаларын илишти
WhatsApp Image 2022 12 20 at 14.22.44 2 Кызыл-Кыяда милиция эскертүү баракчаларын илишти

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы