Бишкектен Караколго GOBUS шаттлдары менен барууга болот

26-декабрдан тарта Бишкектен Ысык-Көлдүн Каракол шаарына GOBUS шаттлдары менен барууга болот.

Заманбап жана ыңгайлуу автобустар Ысык-Көлдүн түндүк жээги менен өтүп, Балыкчы, Чолпон-Ата, Ананьев жана Түптө токтоп тыным алат.

Бул автобустардын жол кире акысы 450 сомду түзөт. Билеттерди GOBUS тиркемеси аркылуу алууга болот.

Аталган долбоор Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан ишке ашырылып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Автобустарда акысыз Wi-Fi бар. Буйрутма каттамдар график боюнча аткарылат.

Эскерте кетсек, быйыл июнь айында GOBUS аты менен Бишкектен «Манас» эл аралык аэропортуна чейин кичи автобустар (күнү-түнү) каттай баштаган.

44 3 Бишкектен Караколго GOBUS шаттлдары менен барууга болот