Ырысбек Атажанов мигранттарга борбор ачууну сунуштады

18-декабрь эл аралык мигранттардын күнүнө карата, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан «Бирге коопсуз миграция үчүн», — деп аталган жыйын өткөрдү.

Жыйынга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов мигранттарга атайын борбор ачууну сунуштады.

Анын айтымында мигранттарга атайын борбор ачуу алардын тиешелүү билим алуусуна жол ачат.