Сот Журабаеваны 20-февралга чейин камакта калтырды

Биринчи май райондук соту массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө шек саналган деген шек менен кармалган Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны 20-февралга чейин камакта калтырды.

Ушул эле күнү Кеңешбек Дүйшөбаев, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Кубанычбек Кадыровдордун бөгөт чарасы каралды.

Кыргызстанда «массалык башаламандык уюштурууга даярданды «деген шек менен камакка алынгандардын саны 30га чукулдады.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.