Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилди

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, Алай районунда аба ырайынын өзгөрүшүнө жана кар күрткүсүнө байланыштуу Алай районунун акиминин буйругу менен Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

Туруксуз аба ырайына байланыштуу 9-декабрдан баштап Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 184-чакырымынан 251-чакырымына чейин аба ырайы турукташканга чейин автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилген.