“Өч алган”: Ишкерди башка атып өлтүргөн жаран кармалды

Кара-Балта шаарында ишкерди өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 29 жаштагы Д.Б. аттуу адам Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилди.

«2022-жылдын июнь айында шектүүнү маркум ишкер Х.И. унаасы менен сүзүп кеткен. Ишкер күнөөсүн мойнуна албай, орой сөздөрдү айтып, окуя болгон жерден кетип калган. Буга таарынган Д.Б. ишкер Х.И.ны өлтүргөн», – деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эске салсак, 1-декабрда Кара-Балта шаарында ишкердин жансыз денеси табылган. Ал кишинин башына ок тийген.