Франция Мухтар Аблязовго башпаанек берүүдөн баш тартты

Kazakh businessman and political activist Mukhtar Ablyazov poses during a photo session in Paris on January 6, 2022. (Photo by Thomas COEX / AFP) (Photo by THOMAS COEX/AFP via Getty Images)

Франция өлкөсү казакстандык качкын банкир жана оппозиционер Мухтар Аблязовго башпаанек берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Соттун чечимине ылайык, Мухтар Аблязовдун жактоочусу Карим Бейлуни Франциянын Качкындарды жана жарандыгы жок адамдарды коргоо башкармалыгынын 2018-жылдагы ага саясий качкын макамын берүүдөн баш тартуу чечимине каршы даттанган. Бул даттанууну Франция четке каккан.

Эске салсак, Казакстанда Аблязов БТА Банктан 7 миллиард долларга жакын акчаны уурдаганы үчүн сыртынан 20 жылга эркинен ажыратылган, ал эми 2018-жылы банкир Ержан Татишевди өлтүрүүнү уюштурган деп өмүр бою эркинен ажыратылган.

Аблязовго Орусия менен Украина да акча каражатын уурдаган деген шек менен издөө салган.