
Бүгүн, 9-декабрда Бишкек шаарына Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев учуп келди. «Манас» эл аралык аэропортунан президентти Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.
