Аткезчилик жол менен алып келинген «Lexus GX 470» жана «Opel Astra» үлгүсүндөгү унаалар кармалды

УКМК: «Лексус GX 470» жана «Опел-Астра» үлгүсүндөгү унааларды аткезчилик жол менен мыйзамсыз алып өтүү боюнча

  КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттик номуру жана документтери жок «Лексус GX 470» жана «Опел-Астра» үлгүсүндөгү автоунаалар кармалган.

  «Lexus GX 470» жана «Opel Astra» үлгүсүндөгү унаалардын айдоочуларынын көрсөтмөлөрүнө ылайык, унаалар коңшу мамлекеттин жарандарынан акча карызына байланыштуу алынган.
  Бул фактылар автотранспорттук контрабандага шектелип, Автоматташтырылган маалымат системаларынын маалымат журналына катталды. 
  Учурда материалдарды кароо уланууда.
WhatsApp Image 2022 12 09 at 12.57.24 1 Аткезчилик жол менен алып келинген «Lexus GX 470» жана «Opel Astra» үлгүсүндөгү унаалар кармалды