Бул кызматташтык дүйнөлүк рыноктор ортосунда көпүрөлөрдү куруу үчүн бекем негиз болуп саналат, – Жапаров

«Биздин евразиялык интеграцияга болгон бирдиктүү бекем берилгендигибиз Биримдиктин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн, евразиялык жана башка аймактык жана дүйнөлүк рыноктор ортосунда көпүрөлөрдү куруу үчүн бекем негиз болуп саналат», — деп Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) төрагасы, президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-декабрда, Бишкекте өтүп жаткан ЖЕЭКтин тар курамдагы отурумунда сүйлөгөн сөзүндө баса белгиледи.

Жыйынды ачып жатып, президент Садыр Жапаров өлкө лидерлери менен учурашып, соңку 3 жыл ичинде катышуучулар биринчи жолу бетме-бет жолугушууга жетишкени эң эле натыйжалуу жана жемиштүү болорун белгиледи.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ал Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын президенти кызматына кириши менен дагы бир жолу куттуктап, Казакстандын башчысын шайлоо элдин толук ишенимин жана колдоосун көрсөткөнүн белгиледи.

Бул кызматташтык дүйнөлүк рыноктор ортосунда көпүрөлөрдү куруу үчүн бекем негиз болуп саналат, - Жапаров