Өндүрүш Токтонасыров кармалды

Активист Өндүрүш Токтонасыров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келүүсүнө каршы нааразылык акциясына чыккан.

Бул тууралуу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, активист Киев көчөсүндө пикетке чыгаар замат кармап кетишкен. Жада калса ал плакатын жайганга үлгүргөн эмес.