Өзбекстан Владимир Путиндин газ биримдигин түзүү идеясынан баш тартты

Өзбекстан Орусия менен коммерциялык газ келишимдерин түзүүгө даяр, бирок газ биримдигине кирүүгө ниети жок, деп билдирди өлкө бийлиги. Бул тууралуу РБК билдирди.

Өзбекстандын вице-премьер-министри жана энергетика министри Жорабек Мирзамахмудов “Орусия менен газ келишими түзүлгөн күндө да бул альянс дегенди билдирбейт” деди.

Анын айтымында, Москва менен Ташкент россиялык газды коңшу Казакстан аркылуу жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, бирок «бул техникалык келишим болот», – деп билдирет Reuters.

«Суроо-талапты жабуу, ички керектөөнү камсыз кылуу жана көйгөйдү чечүү үчүн бүгүнкү күндө кандайдыр бир альянс же биримдик аркылуу эмес, коңшу өлкөлөрдөн газ жана электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул жерде биз энергетикалык тармактарыбызды өткөрүп берүү жолу менен эмес, коммерциялык келишимдин, сатуу-сатып алуунун негизинде кызматташуу үчүн улуттук кызыкчылыктардын негизинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деди Жорабек Мирзамахмудов («Gazeta.uz» шилтемеси).

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушууда мамлекеттер ортосунда “үчтүк газ биримдигин” түзүү демилгесин биринчи жолу билдирди. Анда ал демилге орус лидеринен чыкканын белгиледи.

«Бүгүн Владимир Владимирович бизге үч тараптуу биримдикти түзүү керек деп айтты. Ал бул боюнча Өзбекстандын лидерине телефон чалганы жатат. Биз дагы бул темага тереңдеп киришибиз керек», – деди Касым-Жомарт Токаев.

Reuters белгилегендей, кыштын суук мезгилинде Өзбекстан күйүүчү майдын жетишсиздигин башынан өткөрүп, атүгүл Кытайга күнүнө 6 миллион кубометр газ экспорттоону токтотууга аргасыз болду. Президенттик аппаратта калкты жана экономиканы энергетикалык ресурстар менен камсыздоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө арналган жыйында жаратылыш газын, электр энергиясын, көмүрдү жана мазутту кошумча сатып алуу боюнча башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги билдирди. Республикада бардык өндүрүүчүлөр жана соодагерлер үчүн суюлтулган газды экспорттоого тыюу салынып, мамлекеттик органдарга 2023-жылдын 1-мартына чейин суюлтулган газ менен жүргөн автоунааларды колдонууга тыюу салынды.