Кворум жок: Кумтөр боюнча депутаттык комиссия бир дагы жыйын өткөргөн жок

Кумтөр боюнча депутаттык комиссия үч айдан бери бир да жыйын өткөрө элек. Бул тууралуу депутат Арстанбек Малиев бүгүн, 7-декабрда парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга дайыма кворумдун жоктугу себеп болууда.

Ал эми спикер Нурланбек Шакиев эгер комиссия ишин баштабаса, анда ишин токтотуу керектигин айтты.

Белгилей кетсек, Кумтөрдү текшерүү боюнча депутаттык комиссия сентябрдын аягында түзүлгөн. Ноябрдын аягында депутат Исхак Масалиев ден соолугуна байланыштуу комиссиянын жетекчиси кызматынан кеткен.