Кадырбеков: “Сахароводо” мигранттарды дарыланууга мажбурлап жатышат

Орусияда миграциялык мыйзамдарга ылайык медициналык текшерүүдөн өткөн кыргызстандыктардын көбүнөн жыныстык жол менен жугуучу оорулар аныкталып, аларды орус тарап бир гана клиникадан дарыланууга мажбурлап жатышканын бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Ал “Сахарово” борборунда ачылган медициналык жай текшерүүдөн өткөн ар бир мигранттан 5700 рубль алып, ал эми венерологиялык дарт аныкталгандарды дарыланууга жөнөтүп жаткан клиника кымбат болуп жатканын билдирди жана кыргыз жарандарынын укугу бузулганы аныкталса, бийликтен чукул арада чара көрүүнү өтүндү.

“Ошолорду Ленин проспектиндеги бир гана клиникага жөнөтүп жатыптыр.

“Биз иштейбиз, жаныбызда клиника бар, өзүбүз деле дарыланалы, дарыларын жазып бергиле” десе “жок, ушул гана жерге келесиңер””деп жатыптыр. 18 миң рубль менен дарыланат экен. Бул жерде бир аз коррупция дейбизди, өзүлөрүнүн “бизнеси” дейбизби, биздин жарандардын эсебинен ушундай иш кылып жаткандай туюлууда. Биздин Тышкы иштер министрлиги жана элчилик текшерсин. Эмне үчүн биздин жарандарга мындай мамиле болуп жатат?”, – деди депутат Нуржигит Кадырбеков.