Айыл аймактарын санариптештирүү иштери уланууда

Кыргызстандын айыл аймактарында санариптик технологияларды ишке киргизүү аракеттеринин алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу Европа биримдигинин өлкөдөгү өкүлчүлүгү менен Санариптик өнүктүрүү министрилиги тааныштырды.

«Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине маалыматтык автоматташтыруу системасын киргизүү максатында иштелип чыккан.

Анын негизги милдеттеринин бири болуп айыл аймактарынын ишин автоматташтыруу жана маалыматтык коомду калыптандыруу менен техникалык жана технологиялык негиздерин өнүктүрүү болуп саналат.

Чүйдүн Москва районуна караштуу Беловодск айыл өкмөтүндө жарандарды тейлөө мурункуга салыштырмалуу кыйла жеңилдеп калганы байкалууда.

YouTube video