Башкы прокуратуранын иши боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев өзү жана кесиптеши Шайлообек Атазовдун Башкы прокуратура тарабынан суракка алынышы боюнча окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Ал 30-ноябрда Шайлообек Атазов экөө прокуратура органдарындагы коррупция тууралуу сөз кылгандан кийин суракка чакырылганын белгиледи.

«Бизди эки тергөөчү келип, суракка алып кетти. Башкы прокуратура колуна тийген эбегейсиз бийликке манчыркап, өздөрүн элден бийик сезип, элдин тагдыры менен ойноп көнүп калган», — деди ал.

Ал Башкы прокуратура мурдагы саламаттык сактоо министри Алдымкадыр Бейшеналивге да кылмыш иштерин козгогонун, ал камакта да болуп чыкканын, бирок кийинчерээк иштер токтотулганын белгледи. Анын айтымында, аталган жагдай боюнча эч ким моралдык жоопкерчилик тарткан жок.

«Жогорку Кеңеш — стратегиялык, режимдик объект. Прокуратура кызматкерлери тоскоолдуксуз ар бир депутатка, кабинетине кирип, мажбурлап суракка алып кетип жатат. Бул мыйзамды сыйлабагандыкпы же түшүнбөгөндүкпү?! Башкы прокуратурада иштеш үчүн жакшы костюм-шым, жакшы көйнөк жана жакшы туфли керек экен. Башка нерсени билиштин кереги жок экен», — деди ал.

Токторбаев прокуратура депуттарды суракка алуу менен мыйзам бузганын айтып, аталган окуяны иликтеп, укуктук баа берүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.