Шакиев баштаган депутаттар Орусияга учуп кетти

ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары катышат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, спикер Нурланбек Шакиев баштаган делегация Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) жыйындарына катышуу үчүн Москвага учуп кетти. Сапардын алкагында ал Ассамблея Кеңешинин кошмо жыйынына жана пленардык жыйынга да катышат.

Делегациянын курамында депутаттар Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

ЖККУ ПА Кеңеши башка маселелер менен катар коргонуу, терроризмге каршы аракеттенүү, уюмга кирген мамлекеттерде шайлоо процесстерин коргоону камсыздоо жаатындагы сунуштарды жана бир катар башка документтерди карайт.