Promzone клубунда ок чыгаргандар кармалды

Бишкектин Валиханов көчөсүндө жайгашкан Promzone түнкү клубунда ок атылды.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 5-декабрда билдиргендей, милиция кызматкерлерине борбор калаанын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 4-декабрга караган түнү саат төрт жарым чамасында ал клубга келген башка адамдар менен уруша кеткен. Натыйжада эки адам ага карата ок чыгарышкан.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен ЭПКга катталды.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган З.М., жана 1988-жылы туулган М.В. кармалып, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.