Өзгөндө жаранды коркутуп, акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бул туурасында Булак.кжге Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

2022-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү милиция бөлүмүнө Өзгөн шаарынын тургуну 32 жаштагы Т. М. арыз менен кайрылып, опузалап талап кылып жаткан жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. 2022-жылдын 24-ноябрында болжол менен саат 15:00 чамасында Өзгөн шаарынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан “Айчүрөк” кинотеатрынын алдында үч бейтааныш атуул келип, жабырлануучуга күч колдонушуп, “Дэу-Нексиа” үлгүсүндөгү автоунаага салышып, Өзгөн районунун Шоро-Башат айылынын талаасына алып барышкан.

Жабырлануучудан 50 000 сом опузалап талап кылышып, жанындагы болгон 10 000 сом акчасын тартып алышкан. Андан сырткары бирөөсү өзүн Өзгөн шаарындагы криминалдык топтордун биринин мүчөсү катары тааныштырып, 2022-жылдын 25-ноябрь күнүндө 25 000 сом акча таап келүүсүн айтып, опузалап талап кылган.

WhatsApp Image 2022 12 01 at 11.37.55 Өзгөндө жаранды коркутуп, акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


Бул факт Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.


Өзгөн РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тергөө тапшырмасынын негизинде ыкчам иш-чаралар өткөрүлүп, опузалап талап кылган жаран “Г” 15 000 сом акчаны алган учурда Өзгөн РИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан кармалып, анын жанынан 15 000 сом акча алынган.


Тергөө учурунда кармалган жарандын өздүгү аныкталып, ал Өзгөн районунун тургуну, мурда оор кылмыш жасап ( КРнын 104-беренеси менен) соттолгон, 42 жаштагы А. уулу Т. экендиги такталган. Кылмышка шектүү Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Өзгөн РИИБдин УКЖна киргизилди.
Жогорудагы кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 12 01 at 11.37.59 1 Өзгөндө жаранды коркутуп, акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды