УКМК «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрүн жасалма документтер үчүн кармады

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

      КР УКМК “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн КР Жогорку Кеңешине мыйзамсыз иштөө (жасалма документтерди колдонуу) фактыларын аныктады.
      Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кызматка орношуу үчүн жасалма эмгек китепчелерин пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидеринин кеңешчиси – 1993-жылы туулган, Кулмурзаева Айпери Сүйүнтбековна, фракциянын катчылыгынын эксперти – 1994-жылы туулган, Алибаева Айгерим Абдижалиловна жана А.Мадумаровдун жардамчысы - 1993-жылы туулган Муратбек уулу Азаматка карата жогорудагы кызматтарга орношуу үчүн эмгек китепчелеринде жалган маалыматтарды көрсөткөндүгү аныкталган.
       Бул факты боюнча УКМК А.Кулмурзаевага, А.Алибаевага жана А.Муратбек уулуна кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

       Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталды. Жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар 379-берененин 2-бөлүмү (Атайылап жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган. А.Алибаева менен А.Муратбек уулу жасалма документтерди мойнуна алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазышкан. 
       Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен А.Кулмурзаева ээлеген кызматынан бошотулду.
WhatsApp Image 2022 12 01 at 11.23.09 1 УКМК «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрүн жасалма документтер үчүн кармады
WhatsApp Image 2022 12 01 at 11.23.09 УКМК «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрүн жасалма документтер үчүн кармады