Мамрезервдеги ун сатылганы боюнча Аскер прокуратурасы иш козгоду

Мамлекеттик материалдык резерв фондусунда бюджеттик каражат максатсыз пайдаланылып, республикалык бюджет 2 миллион сомдон ашык зыян тарткан. Бул туурасында Башкы прокуратурадан кабарлады.

Аскер прокуратурасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондун текшерген.

“Фонддун кызмат адамдары мыйзамсыз жана негизсиз протоколдук чечим кабыл алуу жолу менен фонддун жооптуу сактоочуларына (ун тартуучу ишканалар) ар 1 000 тонна унду сатып беришкендиги үчүн “бонус” катары 70 000 сом өлчөмүндө акча берип, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланышкандыгы аныкталды. Белгилей кетсек, мындай протоколдук чечим ченемдик-укуктук актыларда каралган эмес. Натыйжада республикалык бюджетке 2 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген”, — деп айтылган маалыматта.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337 (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренесинин (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) негизинде иш козгоп, тергөө баштаган.