Депутат Шайлообек Атазовду Башкы прокуратура үч саат суракта кармады. Бул тууралуу ал өзү билдирди.
“Биз Жогорку Кеңеште айткандан кийин териштирбей, мыйзам чегинде өз убагында карай берсе болбойбу? анда эмне ЖКда айтылбаган иштер жабылып кетип жатабы?”, – деген суроо салды Атазов.
“Али Баклан $900 000
Азиз 120$
Джаныбек $24,000, – бул иштер боюнча маалыматтарды алышты. Бүгүн түндөн калбай кармоону убада кылышты”, – деп жазды депутат.
Ошондой эле эл өкүлү бийликтегилерди ар кимден чыгып, “Атазов сүйлөбөй эле койсун деген сөздөр менен коркутпай эле коюшсун” деген сөздөрдү токтотууга чакырган.
“Мен Аллахтан башкадан корпойм! Инсандарды сыйлайм! Болгону эл арасындагы нааразычылыктарды айтып жатабыз! Балким чындык ачуу болот! Мени элим чындыкты сүйлө деп шайлаган! Силерден кыйындарын да коргонмун! Он жыл оппозицияда жүрүп көп нерсе баштан өттү. Бийлигиңер бүгүн бар, эртең жок!»,-деп жазды.
Эл өкүлүн суракка чакыруу анын парламенттин бүгүнкү жыйынында сүйлөгөн сөздөрүнө байланыштуу чакыртылган.
Бүгүн депутаттар прокуратуранын дарегине бир нече айыптарды коюшту. Алардын сөздөрүн тактоо үчүн сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Кайсы прокурор, кайсы тергөөчү кимден канча акча алганын текшеришет», — деди Сирожиддин Камолидинов.
Белгилей кетсек, буга чейин Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев прокуратурадагы коррупция боюнча маселени кароону сунушташкан. Акыркысы ошондой эле башкы прокурор Курманкул Зулушевди парламентке чакырып, анын жоопкерчилигин кароону сунуштаган.