Курултайга келген делегаттын кан басымы көтөрүлүп кетти

Бүгүн, 25-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда биринчи Элдик курултай өтүүдө.
Курултайга президент Садыр Жапаров, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана ошондой эле 7 дубандан шайланып келген делегаттардын өкүлдөрү катышууда.

Курултайдын жүрүшүндө аймактардан шайланып келген делегаттардын биринин кан басымы көтөрүлүп тез жардам көрсөтүлдү.