Элдик курултай өлкө жетекчилигине жаңы идеяларды сунуштайт

Бүгүн Бишкекте биринчи Элдик Курултай өтүп жатат. Өлкөнүн президенти делегаттардын алдында сөз сүйлөдү.

Садыр Жапаров элдик жыйындардын тарыхын жана ролун белгиледи.

«Ата-бабаларыбыз курултайдын жардамы менен эл менен бийликти бириктирип, ошону менен чыныгы элдик бийликти орнотушкан. Бул Элдик курултай өлкөнүн стабилдүү өнүгүүсүнө, жарандардын жашоосун жакшыртууга жана жалпы коомчулукту бириктирүүгө салым кошот деп ишенем. Элдик курултай Кыргызстандын жетекчилигине жаңы идеяларды сунуштайт», — деди ал.

Мамлекет башчысы аткаруу бийлигинин иши, республикалык бюджеттин кирешелери жана чыгашалары тууралуу маалымат берди.