Курултайга катышуу үчүн аймактардан 1 миңден ашык делегат келди. Тизме

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте биринчи Элдик курултай ишин баштады. Курултай Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүүдө.

Ага катышуу үчүн жалпы 1 миңден ашык делегат келген.

Анын ичинен Баткен облусунан – 71, Жалал-Абаддан – 147, Ош облусунан – 179, Таластан – 79, Ысык-Көлдөн – 127, Нарындан – 128, Чүйдөн – 218, Бишкектен – 60, Ош шаарынан – 30, эмгек мигранттарынан – 26, конфессиялык уюмдардан 10 делегат шайланып келди. Делегаттардын 150сү – аял киши, 924ү – эркек киши.

Курултайга президент Садыр Жапаров катышууда.

Делегаттар бөлүнгөн убакытка ылайык сунуш, пикирилерин айтып, бөлүшүүдө.

Эскерте кетсек, биринчи Элдик курултай 25-26-ноябрь күндөрү өтөт.