Шаардык сот Болот Темировдун ишин карап жатат

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралып жатат. Буга чейинки отурум 17-ноябрда болгон.

Анда адвокат Замир Жоошев сөз сүйлөп, тергөө тарабынан коюлган айыптар негизсиз экенин айтууда.

«Иште көрсөтүлгөн документтерде эч кандай коргоо белгиси жок, алар болушу керек, ансыз бир дагы мамлекеттик орган анын арызын кабыл алмак эмес. Ал жок документти колдоно алган эмес, аскердик билет жасалма эмес. Сыягы, бул мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан жасалган окшойт», — деди Жоошев.

Эске салсак, 27-октябрда Башкы прокуратура Болот Темирого карата карата райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан ага карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу Темиров акталган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.