Тазабек Икрамов жол курулушунун сапатына нааразы

Бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар “2023-жылга республикалык бюджет жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоодо.

Анда депутат Тазабек Икрамов жол курулушунун сапатына нааразы болду. Анын айтымында, согушка караганда жолдордо каза болгондор көп.

«Жолдорду кантип куруп жатканыңарды 30 жылдан бери көрүп келебиз. Жаан жааган соң машина менен эмес жөө адам да жаңы жолдордон баса албайт. Качан сапаттуу жолдорду кура баштайсыңар? Жок дегенде беш иштеген. Мисалы, Бишкек-Ош унаа жолу, ал жакта канча адам өлүп жатат?! Согушта ушунча адам өлбөйт», — деди Тазабек Икрамов.

Депутаттын суроосуна жооп берген Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайынбаев жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатканын айтып, ал эми кырсыктар айдоочулар рулда уктап калгандыктан болуп жатат деп билдирди.

Ал эми депутат анын жообун сынга алып, «уктабасын деп атайы жолдорго чуңкурларды коюп жатасыңарбы» деп суроо салды.