25-ноябрда борбор калаанын айрым райондорунда суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 25-ноябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда суу болбойт.
Панфилов – Түгөлбай Ата – Бөкөнбаев – Логвиненко көчөлөрү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.
Төмөнкү турак жай имараттарда суу өчүрүлөт:
— Логвиненко көчөсү № 8, 8/1, 8/2, 8/3, 10, 12, 14, 14б, 3, 3а, 7, 13а, 13/1, 13;
— Бөкөнбаев көч. № 144а, 144, 142, 138, 138/2, 138/2А, 132, 130, 128;
— Панфилов көч. № 136, 134, 120;
— Чуйков көч. №133, № 113а.
Логвиненко көч. №8, №10 даректеринде жайгашкан насостук станциялар.
Ошондой эле уюмдар:
1. Логвиненко көч. №18 — Бишкек медициналык колледжи;
2. Логвиненко көч. №8 — Республикалык СПИД борбору;
3. Логвиненко көч. № 8/2 — «Медси» медициналык борбору;
4. Логвиненко көч. № 14 — «Айыл Банк» кеңсеси;
5. Логвиненко көч. № 14б — «Yusa» рестораны;
6. Логвиненко көч. № 13 — Ч.Айтматов атындагы кино үйү;
7. Бөкөнбаев көч. № 144а —С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институту;
8. Бөкөнбаев көч. №144 – «Евролаб» лабораториясы;
9. Бөкөнбаев көч.№142 – «Тесто-Место» кафеси;
10. Бөкөнбаев көч. № 138 — Кыргыз инженердик изилдөөлөр башкы институту;
11. Бөкөнбаев көч. №132 — «Фурусато» кафе ;
12. Бөкөнбаев көч. №130 — «Turkish airlines» авиакомпаниясы;
13. Бөкөнбаев көч. №128 – «Медипарк» диагностикалык борбору.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.