Жалал-Абадда рецептсиз күчтүү дары-дармектерди саткан дарыканалар тармагын аныкташты

Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык жабдуулар департаментинин түштүк филиалынын өкүлдөрү менен бирдикте дарыгердин рецепти боюнча дары-дармек каражаттарын (баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын компоненттери менен) сатуунун мыйзамдуулугу боюнча Жалал-Абад шаарындагы дарыканаларга рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди рецептсиз саткан дарыканалар тармагын аныкташты.


“Текшерүү сатып алуунун” (контрольная закупка) жүрүшүндө дары-дармекти рецептсиз эле сатып алууга мүмкүн болгондугу тастыкталган.

WhatsApp Image 2022 11 18 at 12.29.15 2 Жалал-Абадда рецептсиз күчтүү дары-дармектерди саткан дарыканалар тармагын аныкташты


Мындан тышкары, ыкчам кызматкерлер баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын компоненттери бар бардык дары-дармек каражаттарын аныкталып алынган.
Алынган заттардын жалпы салмагы: 1.170 мл. жана 350 капсуланы түздү.
Дарыкана пункттарынын сатуучуларына карата жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылды.


Кыргыз Республикасынын ИИМнин БМЖКККнын бүт республика боюнча мындай түрдөгү иш-чараларды системалуу түрдө өткөрүп турат.

WhatsApp Image 2022 11 18 at 12.29.15 1 Жалал-Абадда рецептсиз күчтүү дары-дармектерди саткан дарыканалар тармагын аныкташты