
12-16-ноябрь күндөрү Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан мал-жандыктарды мыйзамсыз айдап өтүү боюнча эки факты аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Булак тилкесинде 12-ноябрда мамлекеттик чек арага жакын жерде 1995-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалган. Ал Аксы районунун Гүлбак айылынын тургуну болгон. Кармалган жаран Кыргызстандан Өзбекстанга 5 баш ири мүйүздүү малды (торпокту) айдап өтүүгө аракет кылган.
Ал эми 16-ноябрда Аксы районунун Таза-Суу тилкесинде Кыргызстандан Өзбекстанга 17 баш ири мүйүздүү малды айдап өтүүго аракет кылган 1999-жылы туулган М.А.у. аттуу жаран кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган бодо жана майда малдын баасы 450 миң сомду түзгөн.
Эки учурда тең тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар мал-жандыктар менен бирге кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.


