
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн чыгарылды. Бул маалыматты депутат өзү тастыктаган.
Маалыматка караганда, түшкү тыныгууга чейин депутаттын жардамчыларына 705-бөлмөнү бошотуу талабы менен Президенттик аппараттын иш башкармалыгы кат калтырган.
«Жардамчыларым түшкү тамактануудан келгенде менин бардык буюмдарымды кеңседен коридорго алып чыгып кетишкенин көрүшүптүр», — деди ал.
Депутат буга чейин бул тууралуу кабарланбаганын айтты.
Президенттик аппараттын иш башкармалыгынан келген катта депутат 18-ноябрда саат 13:00гө чейин кабинетти бошотуу керектиги айтылат. Бул жумуш орундарын тартипке келтирүү жана оптималдаштыруунун алкагында жасалып, депутатка башка кызмат иш бөлмө берилээри жазылган.
Буга чейин Жогорку Кеңештин 17-ноябрындагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселе каралып жатканда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Бакиров кайым айтыша кеткен.
