
17-ноябрда Бишкекте “Бир дүйнө — 2022” эл аралык фестивалы жыйынтыкталды.
Бул жолку фестиваль “Климат жана кризистер: жарандардын фундаменталдык укуктары боюнча кырдаал. Туруктуу өнүктүрүү максаттары үчүн альтернативалар” темасына арналып, Украина, Чехия, Франция, Словакия, Германия, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн 22 тасма катышты.
Аталган иш-чара быйыл 16-жолу уюштурулду.
Кошумчалай кетсек, «Бир Дүйнө» фестивалы – 2007-жылдан бери уюштурулуп жана өткөрүлүп келе жаткан адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын Кыргызстандагы гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азиядагы жападан жалгыз ири фестивалы. Фестивалдын негизги максаты көрүүчүлөргө көйгөйлөрдүн социалдык-саясий жана экономикалык өңүтүн терең түшүнүүгө, алардан чыгуу жолдорун ойлонууга жана талкуулоого мүмкүнчүлүк берген даректүү тасмалар аркылуу адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү болуп саналат.