Ташиев Мадумаровго сөөмөй кезебей сүйлөөнү өтүндү

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште Кыргыз-өзбек чек арасын ратификациялоо маселеси каралып жатат.

Депутат Адахан Мадумаров «Кемпир-Абад» маселесинин шылтоосу менен Жогорку Кеңеш жаңы регламентке ээ болуп калганын айтты.

Мындан сырткары өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталбай жатканын жана сөз эркиндигин билдиргендерге басым жасалып, камалып жаткандыгын сынга алды.

Мындай сынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн нааразылыгын айткандардын ниети түз эмес экенин айтып, «оозго келгенди оттой бербегиле» деп жооп айтты.

Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаровго сөөмөйүн кезеп сүйлөбөй жүрүүсүн өтүндү.