“Элмурза Ракиевич өз терисин ойлоп жатка керек”: Сатыбалдиев менен Токторбаев кайым айтышты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев кесиптеши Жеңишбек Токторбаев сунуштаган мамлекеттик кызматтагы коррупцияны жоюуга багытталган мыйзам долбооруна каршы чыкты.

Ал парламентти бул демилгеге каршы добуш берүүгө чакырды.

«Бул Конституцияга каршы мыйзам долбоору. Бир эле кылмыш үчүн адам эки жолу жоопкерчиликке тартылбайт. Акталган адам ансыз деле күнөөсүз”, — деди Сатыбалдиев.

Ал эми Жеңишбек Токторбаев кесиптешине кылмыш жоопкерчилигине тартылганын эскертип, бардык депутаттарды мыйзамга каршы үгүттөбөөнү талап кылды.

«Элмурза Ракиевич өз терисин ойлоп жатка керек. Добушка коелу кабыл алынса, алыднды, болбосо жок. Каршы добуш берүүгө чакырууга укугуңуз жок. Өзүңүзгө жооп бербейсизби, сиз өзүңүз соттолсоңуз, коррупцияга шектелсеңиз… Эмне үчүн баарына жооп бересиз, эмне кыласыз же сиз баардык депуттар үчун жооп бересизби», — деп нааразы болду ал.