Парламент Өзбекстан менен болгон келишимди жактырды

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин депутттары «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» жана «Кемпир-Абаддын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун үч окууда жактырды.

Жыйында аталган мыйзам долбоорлору 60тан ашык депутат «макул», 20га жетпеген эл өкүлү «каршы» деп добуш берди.

Эми аталган документтер президенттин кол коюусуна жиберилет.

Парламенттин жыйынына президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Эскерте кетсек, Кырызстандын атынан өкмөттүк делегацияны жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, эки өлкө ортосундагы чек ара боюнча келишимге ылайык, Кыргызстанга 19 миң 699 гектар жер алынууда.