Үңкүр-Тоонун 35 гектар жери биздики эмес, – Ташиев

Үңкүр-Тоонун 35 гектар жери азыркы картабызда биздин жер болуп эсептелбейт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Жыйында депутат Шайлообек Атазов Үңкүр-Тоо боюнча суроо узаткан.

«Үңкүр-Тоонун 35 гектар жери азыркы картабызда биздин жер болуп эсептелбейт. Себеби, ал Өзбекстанга караган жер болгон. Аны бүгүнкү келишимдердин негизинде, өзүбүзгө алып жатабыз. Мындан ары Үңкүр-Тоо толук бойдон Кыргызстандын менчигинде болот. Мурда 30%ы Өзбекстанга карап турган», — деди Ташиев.