
Жакынкы күндөрү Кытайдан Бишкекке 120 газ кыймылдаткычтуу автобус келет. Жаңы транспортко борбор калаанын герби түшүрүлгөн.
Мэриянын эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмүнүн башчысы Беккул Жекшенкулов муниципалитет 1 млрд сомго сатып алган автобустар кандай экенин көрсөткөн видеону өзүнүн Twitter баракчасында бөлүштү.
«Ооба, шаар, биз жаңы 120 газ менен жүрүүчү автобустардын келишин күтүп жатабыз», — деп жазды ал.
Белгилей кетсек, автобус сатып алууга каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.