Ак-Талаадагы ашууда 9 жүк ташуучу унаа тыгылып калды

Ак-Талаа районунда көмүр кенге баруучу жолдо бир нече оор жүк ташуучу тыгылып калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-ноябрда саат 14:15те Турук көмүр кенине баруучу унаа жолундагы Молдонун-Бели ашуусунда кар калың жаагандыктан 9 оор жүк ташуучу унаа чыга албай тыгылып калган тууралу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Аталган унаа жолу Ак-Талаа районунун акиминин ушул жылдын 3-ноябрь күнү №01 буйругу менен жол каттамы убактылуу жабылган.

Тактоо иштерин жүргүзүү жана көмөк көрсөтүү үчүн Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн башчысы жетектеген ыкчам топ, ӨКМдин №43 ӨКБдан 3 куткаруучу жана №18 ЖТИнин башчысы барып, унаалардын айдоочуларын алып келишип, үйлөрүнө жеткиришкен.

Жаракат алгандар жок, абалдары жакшы. Кар калың жаап жаткандыгына байланыштуу унаалар Молдонун-Бели ашуусунда калтырылган.